Кыргызстан менен Казакстан биргеликте улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрөт. Буга байланышкан макулдашууга Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн тиешелүү министрликтери кол койду.