9-марттан баштап Бишкек шаарындагы мектептерде башталгыч класстардын окуу процесси калыбына келтирилет жана бала бакчалар жарым жартылай иштей баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын жыйынында билдирди.
Анда эпидемиологиялык кырдаалды, мектепке чейинки балдар арасындагы курч вирустук оорулардын тендециясын, анын ичинде COVID-19ду жана окуу процессин коопсуз жүргүзүүнүн мүмкүндүгүн эске алуу менен бир катар чечимдер кабыл алынды. 9-марттан тарта 2, 3, 4-класстар үчүн окуу процесси жана бала бакчалардагы даярдоо жана жогорку топтун балдары, анын ичинде ата-энелердин бири тарабынан тарбияланып жаткан балдар үчүн ишмердүүлүгү калыбына келтирилет.
Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгына мектепте окууну топторго бөлбөстөн, сабакты 40-45 мүнөттүк узактыкта, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин биргелешкен буйругу менен бекитилген 2020-2021-окуу жылында билим берүү процессин пандемия шартында уюштуруу боюнча нускамасына ылайык ишке ашыруу тапшырылды.