Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Россиянын Билим берүү министринин биринчи орун басары Дмитрий Глушко менен жолугушту.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-25-февраль күндөрү Россияга болгон иш-сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу менен байланышкан маселелер, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.
Россиянын Билим берүү министри Кравцовдун 2021-жылдын март айынын экинчи декадасында Кыргызстанга боло турган иш-сапары, өлкөнүн аймактарында Россиянын мектептерин куруу боюнча пландар, республикада "Чет өлкөлөрдөгү россиялык мугалим" долбоорун андан ары ишке ашыруу, Кыргызстандын окуу жайларын окуу куралдар менен камсыздоо талкууланды. Ошондой эле, элчи өлкөнүн жарандарын жана Кыргызстандын Россияда эмгектенип жүргөн мигранттарынын балдарын орто кесиптик билим берүү мекемелеринде окутууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.