Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров казак инвесторлорун Кыргызстанга чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров казак инвесторлорун Кыргызстанга чакырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында Казакстандын ишкерлер коомчулугу менен жолугушту. Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларына кайрылып, Кыргызстан менен Казакстан салттуу соода-экономикалык тыгыз байланыштарды сактап келе жаткандыгын белгиледи.

Президенттин айтымында, Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан кризиске карабастан, 2020-жылы Казакстандын түз инвестицияларынын көлөмү 9% га көбөйгөн.

Садыр Жапаровдун белгилешинче, мамлекеттер эки тараптуу деңгээлдеги коңшу жана стратегиялык өнөктөш гана эмес, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында да өнөктөш. Бул казак ишкерлерине Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ошол эле учурда ал өлкөлөрдүн соода-экономикалык потенциалы толук пайдаланылбай жаткандыгын айтып, товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулата турган өбөлгөлөргө токтолду.

"Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жаңы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана ЕАЭБди байланыштыруу алкагында “Бир алкак – бир жол” демилгеси менен чек ара түйүндөрүн толук кандуу пайдалануу зарылдыгы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Биз муну толугу менен колдойбуз жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн катышуусунда биргелешкен дүң-логистикалык комплекстерди түзүү аркылуу Кыргызстан-Казакстан ортосундагы соода-транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга даяр экенибизди билдиребиз", - деди Садыр Жапаров.

Кыргызстан инвестициялык жана соода саясатын өркүндөтүүнүн үстүндө активдүү иштеп жатканын, бизнес жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзүп, ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылуу менен бирге, рынокко жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана товарларды сатууну кеңейтүү боюнча жигердүү иш алып барып жаткандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы алгачкы Жарлыктардын бири ишкерлердин жана инвесторлордун мүлкүн коргоону күчөтүп, ишкердик субъекттердин экономикалык ишмердүүлүгүнө мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгарууга багытталганы тууралуу айтып берди.

Мындан сырткары, ал бажы жана салык тармактарында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган жаңылыктарга токтолду. Мамлекет башчысы Кыргызстанда айыл чарба жаатында санарип технологиялар киргизилип, ал электрондук соода элементтерин ичине камтып, айыл чарба продукцияларына көзөмөлдү жана коопсуздукту камсыз кыла баштагандыгын кошумчалады. Президент казак ишкерлерин Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү катышууга чакырды. Иш-чарага Казакстандагы ондогон ири компаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү.