"Кыргыз көмүр" ишканасы менен Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери коррупция фактысы боюнча кармалды.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 2-мартта Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" беренеси боюнча "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" филиалынын кызматкерлери жана Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Турускул" салмактык-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору кармалды.
Такталгандай, "Кара-Кече" филиалынын кызматкерлери бир унааны тоскоолдуксуз жүктөө үчүн 1 миң сомдон ар бир айдоочудан алып турушкан. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-2020-жылытуу мезгилине карата Бишкек шаарындагы ЖЭБге көмүрдүн ташылышын эске алганда, 15 миң 376 жүк ташуучу унаага көмүр жүктөлгөн. Ал эми 2020-2021-жылытуу мезгилинде тыныгуучу унаалардын саны 22 миң 199ду түзгөн. Натыйжада "Кыргыз көмүрдүн" кызматкерлери эки жылытуу мезгилинде негизсиз алган каражаттын көлөмү 37 миллион сомдон ашкан. Каражаттарды алуунун бул схемасы "Турускул" салмак-габариттик контролдоо инспекторлору тарабынан уюштурулган. Аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу үчүн, ташылган көмүрдүн уруксат берилген массасынан ашыкча ар бир айдоочудан 500 сомдон өндүрүлгөн.
Ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында, “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын 2 кызматкери жана аталган министрликтин алдындагы “Турускул” салмак-габариттик көзөмөл пунктунун 2 инспектору кармалып, Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.