Жаңылыктар
Эртең Бишкекте Ак калпак күнүнө карата улуттук кийимдердин парады өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Эртең Бишкекте Ак калпак күнүнө карата улуттук кийимдердин парады өтөт

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Улуттук намыс” уюму жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте “Ак калпак күнүнө” карата салтанаттуу иш-чара өткөрөт.

Анда улуттук кийимдердин парады болуп, бул күнгө  арналган салтанаттуу маданий иш-чара  уюштурулат.  Иш- чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтүп, ага  ак калпактардын түрлөрү, улуттук кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюулат.

Улуттук кийимдердин парады “Ала-Тоо” кинотеатрынан башталып, “Ала-Тоо” аянтына чейин созулат. Салтанаттуу иш- чара 4-март күнү саат 10:00дө башталат.