Жаңылыктар
Өкмөт 100 миң сомго чейин берилген насыялардын пайыздык ченин төлөдү
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт 100 миң сомго чейин берилген насыялардын пайыздык ченин төлөдү

«Кыргыз Республикасынын финансы-кредит мекемелеринен насыя алган насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын декабрь айында кабыл алынган токтомунун алкагында, 385 870 насыя алуучуга 100,0 миң сомго чейин берилген насыялар боюнча пайыздык төлөмдөрдү төлөө үчүн 286 383,2 миң сом субсидияланды. 

2021-жылдын январь айында 344 826 насыя алуучуга төлөө үчүн субсидиянын көлөмү 240 423,6 миң сомду түздү.

Эске салсак, мындай чечим COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан келип чыккан эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалдан улам, Кыргыз Республикасынын финансы-кредит мекемелеринен насыя алган жана социалдык-экономикалык оор абалда калган насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган. Насыя алуучулардын аярлуу катмарына 100,0 миң сомго чейин берилген насыялар боюнча үч ай ичинде (2020-жылдын декабры жана 2021-жылдын январь-февраль айлары) пайыздык төлөмдөрдү төлөө түрүндө жардам көрсөтүлөт. 

Үстүбүздөгү жылдын февралы айы үчүн насыялар боюнча пайыздарды субсидиялоо үстүбүздөгү жылдын март айында жүргүзүлөт.