Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2-март күнү саат 14:45те Көк-Жаңгак шаарынын Маркай тилкесинде жайгашкан шахтадан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Жерине ӨКМдин 17 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер, айыл аймагынан 2 кызматкер тартылып, өрттү өчүрүшүп тосмо орнотуп беришкен. Жумуш саат 17:40та толук аяктады.