Жаңылыктар
Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. 

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жалпы Кыргызстандыктарды куттуктап, бул күн өзгөчө майрам экендигин баса белгиледи.

“Улутубуздун жаңы тарых барактарын ачкан бул сыймыктуу жана символикалуу “Мамлекеттик Туу” күнү 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айтылуу легендардуу парламенти тарабынан кабыл алынган. Биздин сыймыгыбыз, ыйманыбыз, адебибиз, маданиятыбыз мамлекеттик туу менен тыгыз байланышат. Мамлекеттик туунун күнүн белгилеп жатып, жалпыңыздарды патриоттуулукка, ар намыстуулукка үндөп кетем. Туубуз элибиздин майрамдарында, салтанаттарында, улуттук аземдеринде желбиресин! Спорт чеберлерибиз, маданият кызматкерлерибиз, дегеле бүтүндөй кыргыз жарандарыбыз башын бийик көтөрүп жеңиштерде желбиретишсин! Ылайым биздин туубуз кыргызстандыктарды бириктирген сыймыктуу символ катары түбөлүккө жашасын”, - деди Т.Сарыбашов.

Иш-чаранын жүрүшүндө, жоокерлер шаардын борбордук аянтында мамлекеттик тууну көтөрүштү. Ошондой эле, шаардык ИИБнын жана Ош гарнизонунун кызматкерлеринин жүрүшү уюштурулду.

Ошондой эле иш-чарага КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүлүнүн орун басары Ахматжан Махамадов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаардыктар жана аскер кызматкерлери катышты.

Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент эки ай талкуулап, 1992-жылдын 3-марттында кабыл алган. Быйыл Кыргыз Республикасынын туусуна 29 жыл толду.