Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын мамлекеттик туусунун 29 жылдыгы белгиленди. Гимндин коштоосунда өлкөнүн туусу көтөрүлдү.
Ал 1992-жылы 3-мартта республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Желек кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нуру чачырап турган күн жайгаштырылган. Туунун бир түстүү кызылдыгы эрдиктин жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн кут-берекени чагылдырат.
Ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк - өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу.