3-март - Мамлекеттик туу күнүнө карата Свердлов райондук администрациясы атайын иш-чара өткөрүштү. Анын максаты - кызматкерлердин патриоттук сезимин арттыруу.
Ага муниципалдык администрациянын бардык кызматкерлери катышты. Мамлекеттик туу 1992-жылдын 3- мартында республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Авторлору, Айдарбеков, Жайчыбеков, Иптаров, Матаев жана Сыдыков.