Ушул эле күнү Президент Садыр Жапаров Нур-Султан шаарындагы Ата Мекенди коргоочулардын эстелигине барды.
Мамлекет башчысы Республикалык гвардиянын кол башчысынын коштоосу менен тизилип турган ардактуу кароолдон өтүп, эстеликке гүлчамбар койду. Андан кийин Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго бир мүнөт эскерүү менен таазим кылды.