Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоду.
Эми ал 3-мартта парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралат. Президенттик башкарууга ылайыктап жазылган өлкөнүн негизги документин бир катар илимпоз, коомдук ишмер жана эл өкүлдөрүнөн турган Конституциялык кеңешме даярдаган. Депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосуна татыса долбоор жалпы элдик добуш берүүгө коюлат.