Президент Садыр Жапаров мамлекеттик иш сапардын алкагында Казакстандын Парламентинин Мажилис Төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту. Мамлекеттер аралык, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттеринин деңгээлиндеги мамилелерди активдештирүү боюнча пикир алмашуу болду.
Казакстан Парламентинин Мажилис Төрагасы Нурлан Нигматулин Садыр Жапаровдун мамлекеттик иш сапары өзгөчө учурда — Кыргызстан менен Казакстандын эгемендигинин 30 жылдыгын утурлай өтүп жатканын белгиледи. Нурлан Нигматулин Кыргызстан Казакстандын бул чөлкөмдөгү негизги өнөктөшү экендигин кошумчалады. Казакстан кыргыз эли менен салттуу боордоштук мамилелерди өнүктүрүү багытын уланта берерин, эки тараптуу кызматташууну жана өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтип-тереңдетүү ниетинде экенин өзгөчө белгиледи.
Казакстан Парламентинин Мажилис Төрагасы Садыр Жапаровго Кыргызстан элинин жашоо-турмуш деңгээлин көтөрүүгө багытталган өлкөдөгү саясий реформаларды жүргүзүүгө ийгиликтерди каалады. Президент Садыр Жапаров боордош Казакстан элин парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктап, бул иш-чараны өлкөнүн ички саясатындагы эң маанилүү окуялардын бири деп атады. Шайлоонун жыйынтыгы Казакстандын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана элдин турмушунун жакшырышына чоң салым кошот деген ишенимин билдирди. Садыр Жапаров Нурлан Нигматулинди Казакстандын Парламентинин Мажилис Төрагасы кызматына бир добуштан шайланышы менен куттуктап, анын мындан аркы жооптуу ишине ийгиликтерди каалады. Мамлекет башчысы парламенттер аралык кызматташуунун алкагында Казакстан менен өз ара байланыштарды өркүндөтүүгө кызыкдар экендигине токтолду. Жолугушуунун соңунда Нурлан Нигматулин чакан экскурсия кылып, Мажилистин имаратын көрсөтүп чыкты.