Жаңылыктар
Кыргызстан экспортко чыккан товарларга болгон ашыкча текшерүүлөрдү кыскартат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан экспортко чыккан товарларга болгон ашыкча текшерүүлөрдү кыскартат

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкө катары үчүнчү мамлекеттерге экспортко чыккан товарларга болгон ашыкча текшерүүлөрдү кыскартат. Бул санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөргө тиешелүү. Мындан ары товарларды текшерүү “Бир аялдама” принцибинин негизинде токтогон жерден бир жолку текшерүүдөн гана өткөрүлөт. 

Жергиликтүү ишкерлер Кыргызстанда өндүрүлгөн эт, сүт жана агрардык азыктарды үчүнчү мамлекеттерге экспорттоо үчүн товардын сапатына кепилдик берген көптөгөн текшерүүлөрдөн өтүшөт. Бир топ документ, тастыктамаларды алгандан кийин гана даяр товарын сыртка сата алат. Бул маалыматтардын бардыгы электрондук түрдө сакталып, жүктү каалаган жерден текшерген учурда чек ара, бажы кызматкерлери аны менен таанышса болот. 

Ошондуктан мындан ары чек арада санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитрардык текшерүүлөр жоюлат. Эми бажы кызматкерлери бардык документтердин жалпы базадагы электрондук түрүн карап эле өткөрө беришет.