2021-жылдын 26-февралында УКМК сотко чейинки өндүрүшкө КР Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренеси (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы менен биргликте, Жалал-Абад областынын талап кылган акча каржатынын бир бөлүгүн алып жаткан учурунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон Райондук электр тармагынын юристи «А.Н.К.» кармалды.
Такталгандай, кармалган адам жергиликтүү тургундан, электр энергиясын өндүрүштүк керектөөгө пайдаланууга байланыштуу, салынган айып пул маселесин оң тарапка чечип берүү үчүн, 50 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган, ал эми анын негизги бөлүгүн мурда алган.
Азыркы учурда бул факт КР Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.