Жаңылыктар
Европа бирлиги менен кызматташтык. Шарлотта Адриан өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Европа бирлиги менен кызматташтык. Шарлотта Адриан өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланды

Премьер-министр Улукбек Марипов Европа Бирлигинин өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Шарлотта Адрианды өлкөдөгү миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алып, Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлады. 

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы Шарлотта Адрианга өлкөдөгү жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, анын республикада жүргүзүлгөн реформаларды жүзөгө ашырууга: санариптик трансформацияны, аймактардын экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө, ички миграцияны кыскартуу жана алыскы региондордун жашоочуларын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга, ошондой эле сугат тутумун жакшыртууга кошкон жеке салымын белгиледи. 

Европа Бирлиги биздин маанилүү өнөктөшүбүз. Биз көп тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууну түзүүгө кызыкдарбыз жана көрсөтүлгөн колдоону жогору баалайбыз”, - деди Өкмөт башчы. 

Өз кезегинде Шарлотта Адриан Европа Бирлиги Кыргыз Өкмөтү менен ар тараптуу маселелердин долбоорлорун ишке ашыруу боюнча жигердүү кызматташууга даяр экендигин билдирди. Жолугушуунун соңунда тараптар бардык артыкчылыктуу маселелер боюнча долбоорлорду активдештирүү зарылдыгын белгилешти. 

Эске салсак, 2020-жылы коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы каражаттарды мобилизациялоонун алкагында Европа Бирлиги билим берүү жана социалдык коргоо секторуна бюджеттик колдоо көрсөткөн.