Жаңылыктар
Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт. Кыргызстандагы мугалимдер үчүн китеп окуу сынагы жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт. Кыргызстандагы мугалимдер үчүн китеп окуу сынагы жарыяланды

Кыргызстандагы бардык мугалимдер үчүн китеп окуу сынагы жарыяланды. Мындагы максат – мугалимдердин билимин өркүндөтүү аркылуу эркин, сынчыл ой жүгүрткөн, педагогикалык асыл идеяларды аздектеген, билимдүү коомду калыптандыруу. Конкурс “Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт” аттуу китептин негизинде болот. Бул сынакты “ДЕМБЕР!” кыймылынын Bilimdar долбоору иштеп чыккан. 

Жеңүүчүлөргө автоунаа, ноутбук, смартфон, 30 мугалимге Ысык-Көлгө жолдомо берилет. Уюштуруучулардын чечими менен катышуучуларды жана жеңүүчүлөрдү кошумча сыйлоо мүмкүнчүлүктөрү каралышы мүмкүн.

 Аталган конкурстун шарттары:

-Конкурс 2021-жылдын февраль айынан 30-апрелге айына чейин уланат. Конкурска катышууну каалагандар “Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт” китебин сатып алат, NovaDeмy тиркемесин уюлдук телефонго көчүрөт. Андагы атайын форманы толтурууда китепте жашырылган сыр сөздү киргизүү аркылуу катталат.

-Конкурстун катышуучусу “БИЛИМДАР” whatsapp группасына кошулат жана ал жактан кошумча маалыматтар берилип турат.

-Конкурс аталган китептин мазмуну боюнча тест алуу аркылуу жүргүзүлөт. Тест NovaDeмy тиркемеси аркылуу май айында алынат.

-Аймактар боюнча атайын өкүлдөр иш алып барат, уюштуруучулар аймактарга китептерди бирдей баада жеткирип берүүнү камсыздайт.

-Конкурс 1 тур менен өтөт, катышуучулардын упайлары тең чыгып талаш-тартыш жаралган учурда чучу кулак аркылуу жеңүүчү аныкталат.

-Конкурстун жыйынтыктары долбоордун социалдык баракчалары, whatsapp группалары жана массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыяланат.

-Жеңүүчүлөр 2021-жылдын май айында Бишкек шаарында сыйланат.