Жаңылыктар
Депутат А.Акматовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу бийлик өкүлдөрү жакындарына көңүл айтышты
Кыргызстан жаңылыктары
Депутат А.Акматовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу бийлик өкүлдөрү жакындарына көңүл айтышты

Кыргыз коомчулугу орду толгус оор жоготууга учурады. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 28-февралда узакка созулган оорудан улам 57 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. 

Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунда туулган. Новосибирcктеги жогорку аскердик-саясий окуу жайында, Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуган. Өз эмгек жолун СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-саясий кызматтарында иштөө менен баштаган. Кыргыз-кытай биргелешкен "Торугарт-Транзит" ишканасынын башкы директору болуп иштеген.

Мергенчилик ресурстарды көзөмөлдөө жана коргоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы болгон.

Эсептөө палатасынын Бишкек, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмдөрүндө жетекчиликти аркалаган. Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты болуп шайланып, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жапаров, Мамытов, Марипов, Касымалиева, Сыдыгалиев, Абдыкеримов, Абдылдаев жана башкалар.