Ушул жылдын январь айында 727 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча онлайн кеңешмеде көрсөтүлгөн отчетунда айтылат.
Буга байланыштуу жыйындын жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков милициянын көчмө кабылдамалары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айыл өкмөттөрү алдын-алуу борборундагы жаштар, аялдар кеңештери менен биргеликте иш-чараларды күчөтүү керектигин билдирди. Ал ИИМдин бардык облустагы башкармалыктарынын жетекчилерине коомдо резонанс жараткан үй-бүлөлүк зордук-зомбулук кылмыштарынын бардык фактыларын сапаттуу, мыйзам чегинде акыйкат иликтөө жүргүзүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды койду.
Ошондой эле кеңешмеде коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан республикаларынын ИИМдери менен түзүлгөн келишимдерге ылайык, мал уурулуктун алдын алуу, кылмыштардын бетин ачуу жана уурдалып кеткен малдарды артка кайтарып алуу багытындагы иштерди күчөтүү дагы каралды.