Күйүүчү майдын Россиядагы мунай ишканаларынан чыккан баасы жыл башынан бери 67 пайызга жогорулады. Бул тууралуу нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди. Кыргызстандагы баа дал ушул жагдайдан улам көтөрүлгөнү белгиленди. Буга доллардын наркы да таасир эткен.
Жыл башынан бери күйүүчү майдын баасы жогорулап келатат. Бензиндин АИ-92 үлгүсү май куючу жайларда 40 сомдон жогору. Дизель отуну да дээрлик 40 сомдон бааланууда.
Нарктын жогорулаганына Казакстандан жеңилдетилген шарттагы сатып алуунун токтошу жана эң негизгиси Россиядагы баанын жогорулашы себеп болгону белгиленди. Пандемиядан кийин дүйнөлүк экономикада жандануу байкалып, мунайга болгон суроо талап да өстү.
Мындан сырткары доллардын наркынын өсүшү да күйүүчү майдын баасына таасир этти. Бир жыл ичинде улуттук валютанын девальвациясы 21 пайызды түздү. Нефтетрейдерлер ассоциациясы жогоруда айтылган себептерден улам өлкөдө бензиндин наркы жыл башынан бери дээрлик 14 пайызга жогорулаганын билдирүүдө. Күйүүчү май Кыргызстанда социалдык жактан маанилүү товарлардын катарына кирет. Анын баасы өкмөттүн кийлигишүүсү менен жөнгө салынат. Монополияга каршы иш алып барган мекеме бааны негизсиз жогорулаткан учурлар жок экенин билдирүүдө.
Учурда көпчүлүк аймактарда жазгы талаа иштери башталууда. Мындан улам күйүүчү майдын наркы дыйкандарды, чарба ээлерин да түйшөлтүп жатат. Нефтетрейдерлер ассоциациясы айрым аймактарда күйүүчү майдын тартыштыгы бар экенин да жашырган жок.