Калктын турмушун жеңилдетүү үчүн өлкөдө IT тармагын өнүктүрүү зарыл. Бул тууралуу Премьер-министр Улукбек Марипов IT багытындагы ишкерлер менен жолугуп, аларды өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.
Азыркы тапта өлкөдө расмий катталган жүздөгөн компаниялар болгону менен, аймактарда IT тейлөөлөрдү колдонуу толук кандуу жүрбөйт. Анткени, алыскы аймактарда тармакты мыкты өздөштүргөн адистер жок болгондуктан, жарандар райондун борборуна келүүгө аргасыз.
Кеңседен чыкпай отуруп эле дүйнөнүн булуң-бурчунан буйрутмаларды алып иштеген балдар ишкерлерди онлайн бизнес жүргүзүүгө даярдайт. Мындан сырткары бардык товар, алып-сатуу иштерин, мамлекеттик жана жеке кызмат көрсөтүулөрдү уюлдук телефон аркылуу кыска убакыт аралыгында ишке ашыруу убакытты үнөмдөп, адамдык ресурстарды азайтып, коррупциялык көрүнүштөрдөн арылтат.
Өлкөдө IT тармагы 21 млрд сомдон ашык киреше алып келип, социалдык чегерүүлөргө 17 млрд сом салым кошту. Бул өткөн жылга караганда 15 %га көп. Он жылдан бери тармакты көмүскөдөн чыгаруу максатында түзүлгөн Жогорку технологиялар паркында 100дөн ашык компания иш алып барып, бир жылдык кирешесин 1 миллиард 160 миллион сомго жеткирди.
Курамда иш алып барган компаниялар кошумча нарк, киреше салыктардан бошотулуп, сатуудан түшкөн пайда үчүн төлөм төкпөйт. Дүйнөдө IT адистерине суроо-талап жогорулашы менен Кыргызстандыктар даяр программа менен чектелбестен, жаңы колдонмолорду ишке ашырууда. Өкмөт башчы тармакта эмгектенген ишкерлер менен жолугуп, аларды өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.
Өз кезегинде IT-бизнестин өкүлдөрү өздөрү дуушар болгон кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти. Мыйзам базасында көптөгөн чектөөлөр бир катар инвестициялык идеяларды ишке ашырууга жолтоо болууда. Жолугушууда Өкмөт башчы биринчи кезекте санариптештирүүнүн мыйзамдык жаатындагы маселелерди тартипке келтирүүгө андан соң баскычтуу түрдө башка актуалдуу маселелерди чечүү убадасын берди.