Жаңылыктар
Конституциялык реформанын мааниси
Кыргызстан жаңылыктары
Конституциялык реформанын мааниси

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда бардык бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарынын тең салмактуулугу сакталып, жоопкерчилик маселеси биринчи орунга коюлду. Конституциялык реформанын өзөгү мына ушул маселеде турганын президент Садыр Жапаров «Российская газета» басылмасына берген маегинде билдирип, анын маанисин чечмелеп берген.

Былтыр октябрь айындагы толкундоолордо элдин бийликке койгон негизги талаптарынын бири- жоопкерчилик маселеси болду. Андыктан Конституциянын жаңы долбоорун жазууда дагы бийлик бутактарынын тең салмактуулугу, алардын ар биринин укук милдеттерине маани берилди. Баш мыйзамдын акыркы варианты азыр элдин талкуусунда. 

Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча президент да өз пикирин дайым билдирип келүүдө. Өткөн аптада Садыр Жапаров “Российская газета” басылмасына маек берип, жүргүзүлүп жаткан реформалардын мааниси бардык маселелер боюнча жоопкерчиликтин так аныкталганында деп пикирин билдирген. 

10-январда референдум аркылуу жалпы эл, тактап айтканда шайлоочулардын 80%дан ашыгы президенттик башкаруу формасын тандап алды. Президент эл бийликтен көп нерсе күтүп жатканынын көрсөткүчү экенин кошумчалаган. Ошондой эле, баш мыйзамдагы парламенттин негизги функциялары боюнча айтылган. Ага ылайык, өкмөт мүчөлөрүн шайлоодон тартып, сотторду дайындоого макулдук берүүгө чейинки маселелер парламентке тиешелүү болот.

Акыркы өткөн референдумдун жыйынтыгында келип чыккан жаңы Конституциянын долбоору ушул жылдын апрель айында кабыл алынат. Баш мыйзамдын жаңы долбоору референдумга коюлуп, эл өз тандоосун жасамакчы.