Президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинден алган белеги Мамлекеттик тарых музейинин баалуу белектер фондун толуктады. Шөкөттөлүп жасалган кооз кылыч, бүгүн тарых музейине расмий өткөрүлүп берилди. Тарыхта кылычты белекке берүүнүн өзүнүн терең мааниси бар. Бул тууралуу Нургуль Жумабекова.
Талдоочулар президент Садыр Жапаровдун өткөн аптада Орусияга жасаган биринчи чет элдик сапарын стратегиялык жактан туура кадам болгондугун айтышууда. Мамлекет башчысынын алгачкы жумуш сапары жемиштүү жыйынтыкталдыган эки тараптуу бир катар документерге кол коюлгандыгы далил боло алат. Садыр Жапаров Орусияга болгон сапарынан кийинки таасирлери менен жергиликтүү басылмалардын бирине маек берип, анда, президент Владимир Владимирович менен көпкө маек куруп, Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгына багытталган ар түрдүү темаларды талкуулап, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жылуу маанайда, ишенимдүү жана жемиштүү болгонун айткан. Бул жолугушуу мындан аркы бирдиктүү иштер үчүн жакшы пайдубал болуп берет деп ишенем-деп билдирген Президент.
Жума күнү жарыкка чыккан «Российская газетага» басылмасына берген көлөмдүү маегинде Садыр Жапаров Владимир Путинге кооз кылыч белек кылганын жана кылыч кыргыздын мыкты чеберлеринин колу менен жасалганын айткан.
Владимир Путин дагы Садыр Жапаровдун жумуш сапарынын жыйынтыгында белек катары баалуу металлдар менен кооздолгон кылыч тартуулаган. Анда атайын кооз тамгалар менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго деп чегилип жазылган. Тарыхта кылыч күчтүүлүктүн, бийликтин, ар-намыстын, калыстык, кайраттуулуктун, кыраакылык, даанышмандык менен акыйкаттыктын жана биримдиктин белгиси.
Президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинден алган белеги тарых музейинин баалуу белектер фондун жана мамлекеттер тарабынан берилген белектер эспозициясын толуктады.
Тарых музейи мамлекеттер тарыбынан президенттерге берилген белектерге бай. Баалуу белектердин саны эки жарым миңге чукулдайт. Бул Советтер союзу учурунда Исхак Раззаковдон берки ушул күнгө чейин президенттерге башка мамлекет бачылары тарабынан тартууланган белектер.