Жаңылыктар
Президенттин Казакстанга мамлекеттик иш сапары
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин Казакстанга мамлекеттик иш сапары

Президент Садыр Жапаров эртең мамлекеттик иш сапары менен Казакстанга барат. Эки күндүк сапарында,Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эки жана көп тараптуу кызматташуунун орчундуу маселелери, өз ара байланыштардын мындан аркы келечеги талкууланат. 

Кыргызстан менен Казакстан жакын коңшу гана эмес, стратегиялык өнөктөштүк алакасы бар, кызматташтык ыкчам өнүгүп келаткан өлкөлөрдөн. Эки мамлекеттин алакасы дээрлик бардык тармактар боюнча түзүлгөн жана алдыда союздаштык мамилелерди мындан ары да чыңдоо максаты турат. Президент Садыр Жапаровдун 2-3-мартта Казакстанга боло турган мамлекеттик иш сапарында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өтмөкчү. 

Мындан сырткары, сапардын жүрүшүндө соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн мааниси эске алынып, мамлекет башчысы Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт. Пандемия учурунда эки өлкө тараптан тең экспорт жана ошондой эле импорттун көрсөткүчтөрү төмөндөп кетти. Андыктан мамлекеттик сапардагы соода экономикалык талкуулар, эки өлкөнүн экономикасын жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө болушу керек. 

Азыркы учурда соода экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу максатында ЕАЭБдин алкагындагы бир катар долбоорлордо санарип ыкмалар колдонулуп жатат. Анын натыйжасында чек арадан товар алып өтүү эрежелери жеңилдеп жатканын ишкерлер билдиришүүдө. 

Мамлекеттик сапардын алкагындагы президенттеринин жолугушуусу эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарып, бул өз кезегинде саясий, соода экономикалык жана маданий гуманитардык алакагынын өнүгүшүнө өбөлгө болушу керек дешет адистер.