Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкектеги опера жана балет театрынын аталышы боюнча токтом чыгарды. Эми мекеме Абдылас Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры деп аталат.
Өкмөттүн ырасташынча, токтомго 22-февралда кол коюлду. Ага ылайык, театрдын башкаруу формасы "мамлекеттик мекеме" деп аныкталды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы документтерде театрдын аталышына мурда эле Ленин ордендүү деген сөз кошулуп келгенин, бирок көпчүлүк аны кыскача гана атап жүргөнүн, расмий сайтында да ушундай жазуу бар экенин, ага эл токтомдон кийин көңүл буруп жатканын түшүндүрдү.
Өкмөттүн токтому менен мекеменин аталышы жөнгө салынганын билдирди. Театр 2002-жылы Ленин ордендүү деген аталыш менен Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Кыргызстандагы жалгыз опера жана балет театры 1937-жылы негизделген.