Жаңылыктар
Бишкек - Нарын - Торугарт жолундагы көчкү жүрүү коркунучу бар делген 10 тилкеде көзөмөл күчөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Нарын - Торугарт жолундагы көчкү жүрүү коркунучу бар делген 10 тилкеде көзөмөл күчөтүлдү

Жаздын келиши менен Нарында жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жумуштары башталды. 

Анда эң коопту келген Бишкек - Нарын - Торугарт жолундагы Кара-Үңкүр капчыгайы көзөмөлгө алынып, көчкү жүрүү коркунучу бар делген 10 тилкеге көзөмөл күчөтүлдү. 

Күндүн жылышы менен кар көчкү жолго түшүүсү мүмкүн. Учурда Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы сапарга чыккан айдоочуларга сак болууну эскертүүдө.