Бишкек шаарынын аймагында 19-февралдан 25-февралга чейинки аралыкта 6 миң 506 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 67си мас абалда унаа башкаруу, 16 - терезесин караңгылатуу, 110 - айдоочу тиешелүү документи жок ролга отурган, 6 миң 311 башка эреже бузуулар. Атайын айып жайына 534 унаа токтотулган.