Жаңылыктар
Өлкөдө январь айынан тарта бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баасы жогорулады
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө январь айынан тарта бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баасы жогорулады

Өлкөдө январь айынан тарта бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баасы 14 пайызга жогорулады. Мунай ташуучулар бирикмесинин аткаруучу директору Канат Эшатовдун айтымында, буга дүйнөлүк базарда жана Россияда күйүүчү майдын кымбатташы, Казакстандан мунайдын экспортунун токтогону себеп. 

Ал абалды жөнгө салуу үчүн болгон кор колдонулуп жатканы менен дүйнөлүк баанын өсүшү, сомдун кунунун түшүүсүнөн келип чыккан кымбаттоого тоскоол боло албай жатышканын билдирди. Бүгүнкү күндө Бишкектеги бензин сатуучу жайларда АИ-95 бензини 41 сом 90 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 41 сом 30 тыйын, АИ-80 - 36 сом 90 тыйын болууда. 

Дизелдин бир литри 38 сом 90 тыйындан сатылып жатат. Статистикага караганда, өткөн жылдын ноябрь айында АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 36 сом 3 тыйын болгон. Эске салсак, өлкөгө күйүүчү май Россия жана Казакстандан алынып келет.