Жаңылыктар
Кыргызстан мамлекеттик карыздан кутулууга үч жылда 123 млрд. сомдон ашуун каражат жумшоону пландоодо
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан мамлекеттик карыздан кутулууга үч жылда 123 млрд. сомдон ашуун каражат жумшоону пландоодо

Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2021-2023-жылдары 123 миллиард сомдон ашуун каражат жумшоо пландалып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн учурдагы жана 2022–2023-жылдарга карата болжолдуу бекитилген бюджетинде айтылат.

Өткөн жылдын аягында мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард долларга чукулдаган. Анын 4 миллиард 200 миллиону тышкы карыз. 2020-жылы мамлекет бересесин төлөө үчүн 31 миллиард сом жумшаган. 

"Мамлекеттик карызды тейлөө үчүн 2021-жылы 37 миллиард 266 миллион сом, 2022-жылы 38 миллиард 863 миллион сом, 2023-жылы 47 миллиард 12 миллион сом жумшоо пландалып жатат", — деп айтылат документте.