Ички иштер министрлигинин коомдук кеңеши үй-бүлөлүк зомбулукка жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн суицидине каршы күрөшүү маселелелерин талкуулады.
Ички иштер министрлигинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын башчысы, милициянын полковниги Нуржан Адылованын айтуусунда, ар кандай көйгөйлөрдү аныктоо, абалды талдоо боюнча жана балдарга карата зордук зомбулукту алдын алууга багытталган ишти өркүндөтүүдө ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топтун республиканын аймагында 504 штабы түзүлгөн.
Турмуштук оор кырдаалда калган, зомбулукка кабылган балдарды аныктоо максатында 137 миң 84 жолу үймө-үй кыдыруу өткөрүлгөн. Коомдук кеңештин төрагасы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук заманбап коомдун көйгөйү экендигин белгиледи.
«Үйдөгү ички терроризмге каршы күрөшүү бир эле милиция кызматкерлеринин милдети десек жаңылыштык болот. Биз биргелешип иштешибиз керек. Мындай фактылар менен күрөшүүдө, олуттуу кесепеттердин алдын алууда коом, жергиликтүү бийлик жана милиция биригип иштеши абзел» - деп белгиледи ИИМдин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов.