Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты

Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын мүчөсү, депутат Алмазбек Акматов 57 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Акматов 1964-жылы Нарын облусунда туулган. 

1986-жылы Новосибирсктеги жогорку аскердик окуу жайды аяктаган. 2002-жылы Бишкекте Башкаруу академиясын, 2008-жылы Дипломатиялык академияны бүтүргөн. Акматов президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында эмгектенген. Эмгек жолун 1986-1991-жылдары СССРдин Куралдуу күчтөрүндө ар кыл кызматтарда иштеп башатаган.

2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Маркумдун артында беш баласы калды.