Жаңылыктар
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 22 адамдан табылып, 2 киши каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 22 адамдан табылып, 2 киши каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 22 адамдан табылып, 2 киши каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте - 9, Чүй облусунда - 4, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 4, Жалал-Абад облусу боюнча - 2, Талас облусунда - 1 киши вируска чалдыкты. Ошол эле учурда сутка ичинде 31 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 353 бейтап, амбулатордук түрдө 283 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 205 медицина кызматкери вирусту жуктуруп алды, алардын ичинен 4 миң 179 медкызматкер айыгып чыкты. 

Жалпы 86 миң 251 адам инфекцияны жуктуруп алган. Алардын ичинен 83 миң 210 киши айыгып чыкса, 1 миң 466 адам каза болду.