Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 28-февраль күнү саат 18:55 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 220-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда чоң оор жүк ташуучу унаа бузулуп калып, жолдун четинде туруп калган.
Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, айдоочуга жардам көрсөтүп беришкен. Ала-Бука районунда 28-февраль күнү Ала-Бука айылынын Алма-Бак көчөсүндө кар жана муздар ээрип, 2 турак үйлөрдүн короолорун суу каптаган. Жерине ӨКМдин №73 өрткө каршы кутаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылып, арыктарды жана көпүрөнүн алдын тазалап, суу каптоо кесепетин жоюшкан.