Ат-Башы районунда 28-февраль күнү Ача-Кайыңды айылынын М. Сариев көчөсүндө арыктарда суу тоңуп, муз катмары пайда болуп, турак үйлөрдүн короолорун каптоо коркунучу жаралган.
Жерине ӨКМнин №45 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана айыл өкмөттөн 1 эксковатор, 1 Камаз тартылып, муз катмарларын жарып, каптарга кум толтурулуп арыктардын жээгин бекемдөө иш-чараларын жүргүзүшүп, суу каптоо коркунучун жоюлду.