Жаңылыктар
Ноокендин “Даван тилкесинде” кар көчкүнүн кесепетинен электр мамычасы жабыркап, авариялык абал жаралды
Кыргызстан жаңылыктары
Ноокендин “Даван тилкесинде” кар көчкүнүн кесепетинен электр мамычасы жабыркап, авариялык абал жаралды

Ноокен районунда 2021-жылдын 25-февраль күнү саат 19:31де Жалал-Абад ЖЧЭТнын ишканасына Токтогул ГЭС-Даткадан келген Л-554-жогорку чыңалуудагы электр линиясы өчүп калган. 

Тактоо иштерин жүргүзүү үчүн 28-февраль күнү “Кыргызстан улуттук электр тармагы“ улуттук энергохолдинги тарабынан жеке ишканасынын тик учагы тартылып, текшерүү учурунда Шайдан айыл аймагындагы Алаш жайлоосуна баруучу жолдо “Даван тилкесинде” кар көчкү түшкөндүн кесепетинен №120 “фаза А” электр мамычасы жабыркап, ошол себептен Л-554 линиясы өчүп калганы аныкталган. 

Авариянын кесепетинен калкты электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган эмес. Электр энергиясы менен камсыздоо Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Күрп-Сай ГЭСтери тарабынан жүрүп жатат. Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана комиссия түзүү иш-чаралары жүрүп жатат.