Жаңылыктар
Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары бүгүн да улантылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары бүгүн да улантылат

Республиканын бийик тоолуу райондорунда метеорологиялык курч кырдаалга байланыштуу жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун 122-138-чакырымдарында, Ала-Бел ашуусунун 222-223-чакырымдарында, Чычкан капчыгайынын (Көчкү-Булак тилкеси) 246-чакырымында, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу жогорулаган. Бул тууралуу ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча Агенттиги билдирди. 

2021-жылдын 28-февраль күнү кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР ӨКМнин артиллериялык эсеби саат 11:35тен саат 13:05ке чейин 255-чакырымында 10 даана снаряд атышып, натыйжада 7 580 м3 кар көчкүсү түшкөн. Саат 15:20дан саат 17:50гө чейин 246-чакырымында (Көчкү-Булак тилкеси) 26 даана снаряд атышып, натыйжада 72 900 м3 кар көчкүсү түшкөн. Саат 17:55тен саат 18:05ке чейин 250-чакырымында 4 даана снаряд атышып, натыйжада 7200 м3 кар көчкү түшкөн (унаа жолго жеткен эмес). КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР ӨКМнин артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы Итагар станциясында түнөп калышат. Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары 1-март күнү улантылат.

2021-жылдын 26-28 февраль күндөрү жалпы 72 даана снаряд атылып, 136 280 м3 кар көчкү түшкөн.