Жаңылыктар
Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл аймагы таза суу менен камсыз болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл аймагы таза суу менен камсыз болду

Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл аймагы таза суу менен камсыз болду. Эки айылдан турган аймакта 6 миңден ашуун калк жашайт. 

Буга чейин Кайнар жана Көк-Сай айылдары союздан калган жалгыз резервуар аркылуу суу ичип келишкен. 2019-жылы ЮСАИДдин колдоосу менен айылга кошумча жаңы 2-резервуар курулду. Ал ишке берилип, элеттиктер таза суу менен толук камсыз болду. Аны менен катар облустун «Бакубат Талас» фонду аркылуу жаңы түшкөн конуштарга да таза суу жеткирилген.