Жаңылыктар
Бишкек: 1-мартта мектеп, бала бакчалар ачылбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек: 1-мартта мектеп, бала бакчалар ачылбайт

Бишкекте мектептер менен бала бакчалар 1-мартта ачылбайт. Мэриянын маалыматына ылайык, коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб аталган жайларды ачууга уруксат берген эмес. Азыркы тапта эпидемиологдор ооруп калган балдардын так санын билүү үчүн билим берүү мекемелерине мониторинг жүргүзүп жатышат. Вирус белгилери байкалган балдардан ПЧР-тест алынат. 

Ошондой эле мэриядан алгоритмге ылайык, балдарды шахмат тартибинде отургузуп, сабакты 20 мүнөттөн өткөрүү менен мектептерди ачууга болорун билдирди. Бирок вице-мэр Айжан Чыныбаеванын айтымында, шаардагы мектептерде окуучулардын көптүгүнөн улам талаптарды аткаруу мүмкүн эмес. Андыктан мэрия билим берүү мекемелеринде бул алгоритмди жокко чыгарууну жактап жатат.