Башкы прокуратура ишкерлер үчүн ишеним телефонун ишке киргизди. Бул «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү» жарлыктын алкагында ишке ашырылды.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, ишеним телефону жеке ишкердик субъекттеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алат. Жогоруда аталган маселелер боюнча ишкерлер эми (0312) 88-90-33 номуруна чалып кайрылса болот.