Жаңылыктар
"Түндүк электр" эскертет
Кыргызстан жаңылыктары
"Түндүк электр" эскертет

1-мартта карызы бар беш миңден ашык абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти. Жарандар электр энергиясы үчүн канча карызы бар экенин balance сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн биле алат. 

Ал үчүн эсеп номерин билүүсү шарт. Мындан сырткары, күнү-түнү иштеген "1209" колл-борборго чалып же 0551 00 12 09 WhatsApp номерине жазса болот. "Түндүк электр" жарыксыз калбаш үчүн жарандарды карызды убагында төлөөгө чакырат.