Жаңылыктар
Кум шекердин баасы
Кыргызстан жаңылыктары
Кум шекердин баасы

Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл кум шекердин баасы 46 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, 25-февралга карата республика боюнча кум шекердин орточо баасы 59, сом 93 тыйын. Бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 18 сом 87 тыйынга же 46 пайызга кымбат. 

Баанын эң жогору өсүшү январь айында байкалды. Анда былтыркы жылга салыштырмалуу Жалал-Абадда 14 пайызга, Кара-Балта менен Токтогул шаарларында 12 пайызга өскөнү катталды.