Жаңылыктар
Дзюдо боюнча чемпионат өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Дзюдо боюнча чемпионат өтөт

Бишкекте жаштар арасында дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Ага балдар менен кыздар 8 салмак категориясында катышып, күч сынашат. 

Мелдеш 1-2-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Бирок учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен спорттук мелдеш көрүүчүлөрсүз болмокчу.