Жаңылыктар
Кыргызстан менен ЕККУ кызматташтыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен ЕККУ кызматташтыгы

Премьер-министр Улукбек Марипов ЕККУ Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Пьер фон Арксты анын өлкөдөгү миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Жолугушуу алкагында тараптар Кыргызстан жана ЕККУ ортосундагы кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулады. Анын ичинде алдыдагы шайлоо процессине, «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү» демилгесине, санариптештирүү, мамлекеттик башкарууну реформалоо, ошондой эле өз-ара кызматташтыктын башка маселелерине байланыштуу маселелер тууралуу сөз болду. 

Өз кезегинде ЕККУ Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Пьер фон Аркс уюмдун Өкмөт менен жемиштүү кызматташууну улантууга даярдыгын белгиледи. Жыйынтыгында Өкмөт башчы Улукбек Марипов Элчи Пьер фон Арксты Кыргызстандагы коопсуздук, экономика жана билим берүү тармагындагы долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга кошкон олуттуу салымы үчүн Өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйлады.