Кыргызстанга жумуш сапары менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов келди. Эки тараптын тышкы иштер министрлери мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында жолугуп, ар тараптуу кызматташуулар тууралуу сүйлөштү.
Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүктүн учурдагы абалын жана келечегин талкуулады. Ошондой эле регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү боюнча да пикир алышты. Аны менен катар Кыргызстандын Президентинин Өзбекстанга жакында боло турган иш-сапарын уюштуруу боюнча да сөз болду.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1993-жылы түзүлгөн. 28 жылдан бери эки өлкө ортосундагы алакалар артып, 180 документти камтыган эки тараптуу кызматташуунун бекем укуктук базасы калыптанды. Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек мамилелери сапаттык жаңы деңгээлге - стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүлдү. Бул аралыкта соода-экономикалык мамилелер туруктуу өнүгүп былтыр пандемияга карабай өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 240 млн долларга жетти.