Президент Садыр Жапаровдун Москвага болгон сапарынын алкагында Кыргызстанга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ири көлөмдөгү үрөн, уруктарын алуу боюнча макулдашылды. Бул жаатта Кыргызстан менен Россия Федерациясынын айыл чарба министрликтери макулдашып, кол коюшкан. Эми бул келишим Россия өкмөтүнүн кароосуна жөнөтүлүп, алар каржылоо маселесин чечиши керек. Эгер оң жагына чечилсе Кыргызстан 4 жарым миң тоннадан ашык сапаттуу үрөн менен камсыз болот.