Россия Федерациясы Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү. Эки тараптуу алака өз нугунда өнүгүп жатканы менен учурда соода жүгүртүү жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу өзгөчө мааниге ээ. Мамлекет башчысынын бул өлкөгө болгон иш сапарында экономикалык алака жогорку деңгээлде сүйлөшүлүп, ага катар ири ишкер компаниянын өкүлдөрү менен инвестициялык абал талкууланды.