Бүгүн жума күнү Президент Садыр Жапаровдун "Российская газета" басылмасына берген көлөмдүү маеги жарык көрдү. Анда Садыр Жапаров басылманын журналисттерин кызыктырган ар кыл багыттагы суроолорго жооп берген. Россиянын Президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда көтөрүлгөн негизги маселелер, президент катары шайлоочуларга берген убадалары анын актарылышы тууралуу, экономика, коррупцияга каршы күрөшүү жана бир катар тармактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттери боюнча ой-пикирлери менен бөлүштү.