Жаңылыктар
Өлкө башчынын алгачкы чет элдик иш сапарынын жыйынтыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө башчынын алгачкы чет элдик иш сапарынын жыйынтыгы

 Россия март айында техникалык жардам катары Кыргызстанга беш миң тоннага жакын үрөн жөнөтөт. Ошондой эле Кыргыз армиясы россиялык С-300 аталышындагы зениттик-ракеталык система жана сокку уруучу пилотсуз аппараттар менен камсыз болот. Аны менен бирге товарларды маркирлөө тутумун түзүү максатында Россия тарабынан Кыргызстанга кайтарылгыс техникалык жардам көрсөтүлөт. Ушул жана башка макулдашуулар Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон эки күндүк жумуш сапарынын алкагында жетишилди.