Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын түзүлгөнүнө туура 29 жыл болду.
Буга байланыштуу борбор калаада тармактын кызматкерлеринин катышуусунда маараке өттү. Анда ишинен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге медаль, грамота, ыраазычылык каттар тапшырылды. Бул өздүк курам террорго жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн 1992-жылы 26-февралда түзүлгөн. Ички иштер министринин орун басарынын айтымында, атайын операциялар отряды коомдук коопсуздукту камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана кылмышка шектүүлөрдү кармоодо кызматтык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарып келишет. Иш-чара "Шумкар" атайын багыттагы полкунун салтанаттуу маршы менен аяктады.
"Өздүк курам түзүлгөндөн бери оор кылмыш кылган кылмышкерлерди, уюшкан кылмыштуу топторду кармоодо, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында болгон баш аламандуу окуяларда кыраакылык менен кызмат өтөп келе жатышат”,- деди Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов.